Жыл башынан бери казакстандыктар 577 млн $ автоунаа сатып алышкан

15 июня 2020, 09:25

Казакстандыктар 2020-жылдын акыркы 5 айында 25 миң 494 автоунаа сатып алышкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2.8% жогору деп баса белгиледи Kapital.kz порталы,  «КазАвтоПром» ишканасынын билдирүүсүнө таянуу менен. 

Белгиленгендей, январь айынын ичинде казакстандыктар жаңы автоунаа алуу үчүн 230.8 млрд теңге (577.8 млн доллар) каражат коротушкан. Өткөн жыл менен салыштырып караганда, 0.9% жогору болгон. 

2019-жылдын май айында 5 миң 902 автоунаа сатылып алынган. Ал эми  2020-жылдын май айында 7 миң 126 автоунаа сатылып алынып, өткөн жылдан 20.7% көп болгон.  Рыноктун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 12% жогору болуп, 61.5 млрд теңгени түзгөн.