Жыл башынан бери доллардын курсу 1.5% бекемделди

25 января 2021, 10:25

Жыл башынан бери америка валютасы 1.27 сомго же 1.52% кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук банктын берген расмий алмашуу курсунун статистикасынын негизинде билсе болот.

 

 

25-январга карата доллардын официалдуу курсу 84.7671 сомду (22-январдан 23-январга чейин +0.29%) түзүүдө. Акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда чет элдик валютаны 84.9 сом менен сатышып, 84.75 сом менен сатып алышууда. 

Эске сала кетсек, улуттук валютанын курсун жакшыртуу үчүн Улуттук банк 2020-жылы 465 млн 950 миң доллар саткан.