Кумтөрдүн дүң киреше салыгы 2024-жылы 39%га өсөт

14 декабря 2021, 10:39

2022-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө Кумтөрдүн дүң кирешесине болгон салыктан 11 млрд 906 млн сом түшөөрү көрсөтүлгөн. Ал эми 2023-2024-жылдары бул көрсөткүч жогорулайт.

Алсак, 2023-жылы Кумтөрдүн дүң кирешесине салык түрүндө бюджетке 12 млрд 718,1 миллион сом, 2024-жылы 13 миллиард 326,4 миллион сом түшүшү керек.

Муну менен 2020-жылга салыштырмалуу 2024-жылы Кумтөрдүн дүң киреше салыгы 38,54 пайызга өсөт.