2026 – жылга чейин таза сууга 9 млрд сом бөлүнөт

28 октября 2019, 13:30

2026 – жылы 425 айылга суу тутумдары 8.9 млрд сомго орнотулат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү башкаруу органдарынын кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди. 

2018 – жылы 32 айыл-аймагында 805 млн. сомго суу тутумдары орнотулган. 45 миң айыл тургундары таза суу менен камсыз болгон. Андан сырткары, 50 миң элет тургундары  2019 – жылдын аягына чейин таза суу менен камсыз болушат.