Жыл аягында «Айыл Банк» жана «РСК Банктын» 100 млн доллардан уставдык капиталы болот

20 сентября 2022, 11:48

Жыл аягына чейин “Айыл Банк” менен "РСК Банктын" ар биринин уставдык капиталы 100 миллион доллардан болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, банктар сооданы каржылоо менен да алектенет.

“Биз азыр Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзүп жатабыз. Келерки жылы анын уставдык капиталы 10 миллиард сомдон ашык болот деп пландап жатабыз. Банк ири долбоорлорду колдоого алат”, - деди ал.

Ал белгилегендей, уставдык капиталы 50 миллион долларга чейин болгон кыргыз-өзбек фонду иштеп баштады, жакын арада кыргыз-азербайжан өнүктүрүү фондун (уставдык капиталы 50 миллион доллар) түзүү пландалып жатат.

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду да иштеп, ишкерлердин сунушун күтүүдө.

“Алардын Кыргыз Республикасындагы эсебинде 16 миллион доллар бар, Венгриянын премьер-министри аны 500 миллион долларга жеткирүүнү убада кылды”, - деп кошумчалады Жапаров.