Дээрлик 355 миң колдонуучу «Салык төлөөчүнүн кеңсесин» пайдаланат

22 сентября 2021, 11:20

Ушул жылдын 21-сентябрына карата дээрлик 355 миң салык төлөөчү "Салык төлөөчүлөрдүн кабинети" электрондук кызматына туташкан. Анын ичинен 52,5 миңи юридикалык жактар, 302,3 миңи жеке жактар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

2021-жылдын 21-сентябрына карата 26,4 миң салык төлөөчү отчетту электрондук цифралык колтамга менен тапшырды.

Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматы архитектурасы жакшыртылган "Салык төлөөчүлөрдүн кабинети" жаңы системасын иштеп чыгууда. Анын артыкчылыктарынын арасында жогорку өндүрүмдүүлүк, жөнөкөйлөтүлгөн функция жана керектүү маалыматты издөө ылдамдыгы жогорулайт.