Кыргызстанды эл аралык сотто коргой ала турган юристтер үчүн сынак жарыяланды

5 октября 2019, 14:04

КР Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борбору юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча тендер жарыялады. Анда юристтер өлкөнүн намысын  эл аралык аренада жана чет элдик соттордо коргойт. Бул тууралуу КР ТИМ кабарлайт.  

Тандалып алынган юридикалык компаниялар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошот. Андан сырткары, юристтер ооз эки жана жазма түрүндө кеңешме берип, тиешелүү документтерди даярдап, доогер жана соттолуучулар менен суйлөшүүлөрдү жүргүзүп турушуат. 

Тендердин талабына ылайык, юридикалык компаниялар борбордун кызматкерлерин стратегиялык жана башка жол-жоболоштурулган документтеди иштеп чыгуу боюнча акысыз окутушат.