Өкмөт дарыгерлердин эмгек акысын 50% га көтөрүүнү убада кылды

18 июня 2021, 10:00

Ушул жылдын июль айынан баштап Кыргызстандагы дарыгерлердин айлык маянасы 50% га көтөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы белгилегендей, буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын айлыктары көтөрүлгөн. Эми башка категориядагы дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт.

Бакашова жергиликтүү бийликти саламаттык сактоо тармагындагы кадрлардын жетишсиздиги боюнча көйгөйдү чечүү үчүн келечектеги дарыгерлерди колдоого чакырды.