Минкаб маморгандарга күз-кыш мезгилине даярдыкты тездетүүнү тапшырды

6 сентября 2021, 17:45

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов күз-кыш мезгилине карата бардык даярдык иштерин аяктоону тапшырды. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жыйыны тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке кириши керек. Күйүүчү-майлоочу майларга байланыштуу учурдагы маселелерди чечүү жана тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү да маанилүү", - деди минкабдын башчысы.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.