COVID-19: Министрлер кабинети эч кандай чектөө киргизүүнү көздөбөйт

25 июня 2021, 10:40

Министрлер кабинети массалык иш чараларды өткөрүүгө тыюу салуудан башка эч кандай чектөөлөрдү киргизүүнү көздөгөн жок. Бул тууралуу мекеменин башчысы Улукбек Марипов кезексиз жыйында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу маселеси каралып, саламаттык сактоо системасынын оорунун күчөөсүнө даярдыгы талкууланды.

Анда министрлер кабинетинин башчысы элге төмөнкүдөй кайрылуу жасады.

" Урматтуу жарандар, министрлер кабинети массалык иш чараларды токтотуудан башка эч кандай чектөөлөрдү киргизбейт. Ошол эле учурда ар бирибиз жакындарыбыз жана туугандарыбыздын алдындагы өзүбүздүн социалдык жоопкерчилигибизди сезүүбүз керек. Бул сиздердин пандемиянын алдын алуудагы кошкон салымыңыздар болот. Биз баарыбыз 2020-жылдагы июль айы кандай болгонун билебиз. Эч ким кайгылуу окуялардын кайталанышын каалабайт. Биздин баарыбыздан, эң жөнөкөй санитардык талаптарды аткарганыбыздан, башкалардын ден соолугу чың болот. Өзүңүздүн жана жакын адамдарыңыздын ден соолугу үчүн эл көп топтолгон жайлардан качып, той жана башка иш чараларга барууну чектеңиздер", - деди Улукбек Марипов.