Өкмөт жаңы Бюджет кодексин иштеп чыгууну пландаштырууда

10 мая 2021, 13:20

Жаңы Бюджеттик кодексти иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлүп жатат. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары - экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, бул багытта чоң концепция иштелип жатат.

"Бүгүнкү күндө бардык бюджеттик каражаттар республикалык деңгээлде топтолуп, кайра бөлүштүрүлүп жатат. Учурдагы бюджеттин концепциясы менен коррупциялык тобокелдиктер жана акча каражаттарын бөлүштүрүүдө убактылуу кармоо бар”, - деди министр.