Министрлер кабинети данга нөлдүк ставканы узартты

30 декабря 2022, 12:56

Кыргызстан дан жана унду импорттоо үчүн кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын узартты. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, нөлдүк КНС келерки жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот:

  • ун өндүрүүчүгө жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна андан ары тапшыруу шартында данды импорттоо үчүн;
  • импорттоочу түздөн-түз өндүргөн унду ата мекендик дандан жеткирүү үчүн.

Эске салсак, КНСке нөлдүк ставка 2022-жылдын 31-декабрында жокко чыгышы керек болчу.