Өкмөт алтын менен күмүштү экспорттоого чектөөнү узартты

5 августа 2022, 09:30

Кыргызстанда баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган товарларды экспорттоого сандык чектөөлөр киргизилди. Мындай чечим министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.

Документке ылайык, алты айга 500 килограммдан ашпаган алтын, күмүш, бермет жана чийки заттарды алып чыгууга тыюу салынат.

Чечим бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна ылайык кабыл алынды.

Ушундай эле чектөө 2022-жылдын 1-январынан тарта киргизилген.