Өкмөт кантка нөлдүк КНС ставканы узартты

23 августа 2022, 10:37

Министрлер кабинети шекерди импорттоого нөлдүк кошумча нарк салыгын жыл аягына чейин узартууну сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.

Документ ЕЭК тарабынан 105 миң тонна өлчөмүндө бекитилген тарифтик квота боюнча Кыргызстанга импорттолуучу кантты, чийки затты жана тазаланган кантты камтыйт.

Мамлекеттик бажы кызматынын статистикасына таянуу менен Экономика министрлигинин маалыматына караганда, жарым жылда Кыргызстанга 59 миң 230,5 тонна же жалпы көлөмдүн 56,4%ы ташылып келинген. Калган 45 миң 769,5 тонна кумшекер жолдо же жүктөлүүдө.

Бул токтомдун максаты канттын баасын турукташтыруу жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

Эске салсак, кантка КНСтин нөлдүк ставкасы министрлер кабинети тарабынан 11-мартта киргизилген жана 31-августка чейин күчүндө.