Абылгазиев: Өкмөттүн планы – бул абстракттуу документ эмес

23 января 2020, 16:15

Өкмөттүн планы – бул абстракттуу документ эмес. Ал түшүнүктүү жана айкын болуп, иш жүзүндө натыйжа алып келүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министр министрликтердин жана ведомстволорунун иш планын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешменин жүрүшүндө айтты. 

Абылгазие,  бир катар багыттар боюнча иштин жакшыруусуна карабастан, министрликтердин жана ведомстволордун иш планында жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке пландарында көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу жетишсиз деңгээлде турганын билдирди.

«2019-жылы министрликтердин жана ведомстволордун иш планына чечүү үчүн 473 тапшырма киргизилген. Динамика көрсөткөндөй, белгиленген милдеттердин жарымы жыл аягына карата аткарылган. Бул тапшырмалардын көпчүлүгү тезинен аткарылганын айтып турат. Албетте, бул коюлган максаттарга жетүүнүн сапатына таасирин тийгизет. 473 тапшырманын кайсылары жарандарга пайда алып келгенин талдап чыгуу керек. Көптөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери натыйжасында жарандарыбыздын жашоосун жеңилдеткен демилгелерди талдап чыгуусу зарыл. Ошондуктан биз абстракттуу пландарды жана тапшырмаларды түзүү тажрыйбасын токтотушубуз керек. Биз алдыбызга түшүнүктүү, конкреттүү жана практикалык максаттарды коюуга тийишпиз», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Өкмөт башчы ыкчам түрдө ар бир мамлекеттик орган үчүн эки же үч конкреттүү жана практикалык милдеттер менен КР  Өкмөтүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин жана иш-чараларынын планын иштеп бүтүрүүнү тапшырды.