Өкмөт 2023-жылдан баштап банктык мыйзамдар чөйрөсүндөгү саясатты өзгөртөт

20 сентября 2022, 12:05

Келерки жылдан баштап банк мыйзамдары жаатындагы саясатты өзгөртүп жатабыз. Бул тууралуу Бишкекте Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

"Экспорттук келишимге же сатуу келишими менен камсыздалган ата мекендик товарларга ээ болгон ишкерлер өкмөттүн жана биздин банктардын колдоосуна ишене алышат", - деди Акылбек Жапаров.

Ал бул билдирүүнү ишкерлердин күнү менен куттуктап жатып билдирди.