Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет

19 сентября 2019, 14:55

Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобого премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул документтер мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салууга жана  КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун ролун күчөтүүгө багытталган.
Учурда Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду иштеп жаткан 98 мамлекеттик ишкана менен иш жүргүзөт.

Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайрадан уюштуруу, жоюу, башкаруу органдарынын компетенциясын жана ыйгарым укуктарын конкреттештирүү, мамлекеттик органдардын мүлктүк абалын деталдаштырууну жөнгө салууга багытталган.

Жобонун алкагында мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиялык планы иштелип чыккан жана бекитилген. Анын негизинде ар бир жылдын бюджети иштелип чыккан.