Минкаб нөл пайыздык КНСтен бошотулган товарлардын тизмесин жарыялады

16 августа 2021, 14:00

Министрлер кабинети кошумча нарк салыгынан бошотулуучу товарлардын тизмесин аныктады. Тиешелүү буйрук 12-августта кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Нөл пайыздык кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын тизмесине ак кант, иштетилбеген тростник канты, рафинаддалган же рафинаддалбаган, бирок химиялык курамы өзгөртүлбөгөн өсүмдүк, сафлор же пахта майы жана алардын фракциялары кирет. Бул чара азык-түлүк товарларына рыноктук бааны турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Товарлардын бул түрлөрү үчүн КНСтин нөлдүк ставкасы 1-июлдан тартып кабыл алынган жана ал ушул жылдын 31-августуна чейин уланат.