Өлкөдөн дары-дармектерди ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

26 января 2022, 09:04

Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан ташып чыгууга 6 айга убактылуу тыюу салууну киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Чечим калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу иретинде дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылууда олуттуу тартыштыкты болтурбоо максатында кабыл алынды.

Ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.