Өкмөт күйүп кеткен канаттуулар фабрикасынын карызын жабууга 30 млн сом бөлөт

19 июня 2023, 11:16

Баткен облусундагы өрттөнүп кеткен канаттуулар фабрикасынын ээси Айсалкын Абытованын карызын жабуу үчүн Министрлер кабинети бюджеттен 30 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Мындан тышкары Баткен облусун колдоо үчүн кошумча каражат бөлүү пландалууда. Тактап айтканда:

  • 10,6 млн сом - 2022-жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерди колдоого;
  • 168 млн сом - президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө;
  • 35 миллион сом - Картография жана геодезия мамлекеттик агенттигине кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн.