Медкызматкерлерге компенсация төлөөгө мамбюджеттен 243 млн сом бөлүндү

7 мая 2021, 12:00

Иш учурунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1 миң 165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Компенсация төлөөгө республикалык бюджеттен 243 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин медициналык кызматкерлер компенсация төлөөгө байланыштуу митингге чыгышкан.