Кадамжайда 58 млн сомго жалпы дарыгерлер борбору курулууда

1 декабря 2023, 13:37

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Бул жерге үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат. 

“Курулушка республикалык бюджеттен 58 млн сом каралган. Объект жакын арада пайдаланууга берилет”.