Кадамжайга 30 жаштагы жаран аким болду

14 декабря 2023, 11:55

Болоткан Баяке уулу Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилеп кетсек, 30 жаштагы Болоткан Баяке уулу эки күн мурун президент кызматтан алган Кутпидин Шакировдин ордуна аким болуп келди.