«Кадастр» спутниктик навигация системасы үчүн жабдууларды сатып алат

10 ноября 2022, 09:32

“Кадастр” мамлекеттик мекемеси GNSS ресиверлерин сатып алууга 12 млн 250 миң сомго тендер жарыялады. 

Маалыматка ылайык, жабдуулар мекеменин филиалдарына керек. 

Глобалдык навигациялык спутник системасы (GNSS) — атайын навигациялык же геодезиялык кабылдагычтардын жардамы менен жер бетинин каалаган чекитинде жайгашкан жерди аныктоо үчүн колдонулуучу спутник системасы (эң кеңири таралган GPS жана ГЛОНАСС). GNSS технологиясы геодезияда, шаар жана жер кадастрында, жерди инвентаризациялоодо, инженердик курулуштарды курууда, геологияда ж.б. колдонулат.