«Бакай Банкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду

9 декабря 2020, 16:30

«Бакай Банктын» директорлор кеңеши банктын аткаруучу органынн мүчөлөрүн алмаштырууну чечишти. Бул тууралуу Кыргыз биржа фонду маалымдайт. 

Муну менен катар, Башкарманын төрагасынын орун басары Руслан Кагиров ээлеген кызматынан бошоду. Анын ордуна Нүргүл Сатарова дайындалды. 

Нүргүл Сатарова «Оптима Банктын» Бишкектеги № 1  филиалынын жетекчиси.