«Оптима Банкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду

14 января 2021, 16:30

ААК «Оптима Банктын» директорлор кеңешине жаңы мүчө дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунда маалымдалат. 

 

 

Банктын акционерлеринин кезексиз жыйынында банктын төмөнкү өкүлдөрү кызматтарынан бошотулду: 

  • Руслан Шакетаев — директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • Нурлан Токобаев — көз карандысыз кеңештин мүчөсү;
  • Ермек Аргинов — директорлор кеңешинин мүчөсү.

Өз кезегинде  Айбек Кайып, Рустем Хамзин жана Жаркынбек Азбеков директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү болуп дайындалышты. 

Кошумчалай кетсек, Айбек Кайып First Heartland Jýsan банктын башкаруу мүчөсү болуп иштеген.