Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматына жаңы жетекчи сунушталды

29 марта 2023, 13:40

Лилия Кадырбердиева Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргызстандан кеңешчиси кызмат ордуна кароо үчүн сунушталды. Мындай чечимге Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин сунушу негиз болду.

Тийиштүү документке президент Садыр Жапаров кол койду. 

Буга чейин Лилия Кадырбердиева Эл аралык валюта фондунун Вашингтондогу кеңсесинин кызматкери болгон. Мындан тышкары фонддун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүндө экономист болуп иштеген.

Эскерте кетсек, 23-мартта Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) – эл аралык валюталык-каржы уюму, БУУнун адистештирилген мекемеси. Ал эл аралык сооданын жана валюталык кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөктөшүү менен валюталык курстарды жөнгө салуунун ченемдерин аныктайт жана алардын сакталышын көзөмөлдөйт.