«Кайыңды Кант» кумшекердин баасын төмөндөттү

21 сентября 2022, 14:22

Кант өндүрүүдө басымдуу орунду ээлеген “Кайыңды Кант” бүгүнтөн тарта кумшекердин дүң баасын килограммына 79 сомго чейин төмөндөттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Буга чейин аталган мекеме заводдун дүң сатуу баасы килограммына 82,5 сом экенин билдирди.

"Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы дүң баанын төмөндөшү чекене рыногунда кантка баанын мындан ары турукташтырылышына оң таасирин тийгизет деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, мекеме чекене сатуучуларды кумшекерге бааны белгилөөдө жогорудагы жагдайларды эске алууну суранат.