«Кайыңды-Кант» биржанын товардык секторуна кирди

15 сентября 2022, 12:02

"Кайыңды-Кант" ААКсы Кыргыз фондулук биржасынын товардык сектору аркылуу 30 тонна ак кантты сатууга арыз берди. Бул билдирүү биржа сайтында жарыяланды.

Бир килограмм канттын өздүк наркы 83,5 сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, 13-сентябрдан тарта товардык-сырье сектору ишин жандантты. Соода башталгандан кийин 40 тонна кумшекерди сатуу боюнча эки операция катталган. Биринчи бүтүм килограммы 82 сомдон жалпы баасы 1 миллион 640 миң тоннага, экинчиси – килограммы 85 сомдон жалпы 1 миллион 700 миң сомго түзүлгөн.