«Кайыңды-Кант» «Демир Банктан» 3,5 млн доллар насыя алды

12 мая 2022, 15:12

 

“Кайыңды-Кант” кант заводу “Демир Банк” менен кредиттик келишим түздү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, келишим 10-майда түзүлгөн. Ага ылайык, банк кант заводуна алты айга жылдык 7,5% менен 3,5 млн доллар берет.

Келишим "Кайыңды-Канттын" активдеринин 10% же андан көп бөлүгүнө бааланганын кошумчалайбыз.