Кайрат Итибаев Бишкек мэриясындагы кызматка дайындалды

20 октября 2021, 16:08

Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын башчысы Кайрат Итибаев борбордун муниципалитетинин алдындагы инвестициялык кеңештин төрагасынын экинчи орун басары болду. Анын дайындалышы кеңештин 20-октябрда Бишкекте өткөн биринчи жыйынында белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кеңештин келечектүү багыттарын жана түрдүү долбоорлорду эффективдүү ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгууну талкуулашты.

Бул кеңеш өткөн жылдын февраль айында түзүлгөн. Анын иши борбордун экономикасына инвестиция тартууга жана Бишкекте бирдиктүү инвестициялык саясатты жүргүзүүгө багытталган.