Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Кайрат Осмоналиев Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Осмоналиев 2016-жылдан тарта шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген.