Кайрылмандар да мүлктөрүн мыйзамдаштырышы керек

20 февраля 2024, 17:01

Экономика жана коммерциялык министрлиги “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам кимдерге тиешелүү экенин билдирди. 

Мыйзамга ылайык: 

  • Кыргызстандын жарандары;
  • жашоого уруксаты бар адамдар;
  • кайрылмандар мүлктөрүн мыйзамдаштырышы керек. 

Министрлик кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банктык эсептердеги акча каражаттары, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө накталай акча, баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, Кыргызстандагы коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталындагы жана мүлкүндөгү үлүштөр мыйзамдаштырылышы керектигин белгилейт. 

Белгилеп кетсек, активдер 2023-жылдын 1-январына чейин алынышы керек.