Бир жылдын ичинде Кыргызстандын ички карызынын түзүмү кандай өзгөргөн?

11 мая 2021, 11:11

Үстүбүздөгү жылдын 10-майына карата Кыргызстандын ички карызы 58 миллиард 657 миллион 339,1 миң сомго бааланды, деп билдирди Улуттук банк.

Бюджетке топтолгон каражаттардын көпчүлүгү мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу аркылуу топтолгон узак мөөнөттүү акча каражаттары. Ошол эле учурда, эң популярдуу болуп, 7 жылдык мамлекеттик векселдер эсептелет, алар боюнча мамлекеттин милдеттенмелери учурда 20,9 млрд сом.

Белгилей кетсек, бир жылдын ичинде Кыргызстандын облигациялар боюнча карызы 31,02% га көбөйгөн. Ошол эле учурда, республиканын мамлекеттик казына векселдери боюнча ички карыз алуулары 83% дан ашык кыскарып, 1,6 млрд сомдон 266 млн сомго чейин түшкөн.

Жалпысынан бир жылдын ичинде ички карыз 27,07% га көбөйгөн.