Бир айда эттин орточо керектөө баасы кандай өзгөрдү?

8 ноября 2022, 11:50

Кыргызстанда 4-октябрдан 4-ноябрга чейин уй жана жылкы этинин баасы кымбаттаса, тескерисинче, кой этинин баасы бир аз арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Алсак, уй эти 4,6 сомго кымбаттап, 535,85 сомдон 540,45 сомго, жылкынын эти 2,2 сомго кымбаттады.

Кой этинин баасы 2,44 сомго арзандады, 4-ноябрга карата орточо баа 531,29 сомду түздү.

Белгилеп кетсек, өлкө боюнча кой этинин орточо баасынын төмөндөшү Каракол шаарында 59,82 сомго, ошондой эле Талас районунун Покровка айылында 30 сомго арзандаганына байланыштуу.