Бишкек, Ош, Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлктүн баасы кандай өзгөрдү?

7 июля 2023, 14:51

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метрине болгон баа өсүүдө. Бул тууралуу Жер ресурстары кызматы билдирди. 

Алсак, Бишкекте жылдын май айында өндүрүштүк жайлардын баасы өткөн жылдын май айына салыштырмалуу 2,66 эсеге жогорулап, бир чарчы метр 24,3 миң сомду түзгөн.

Ал эми Ысык-Көл районунда коммерциялык жайлардын баасы 4,1 эсеге өскөн. Эгерде өткөн жылы 1 чарчы метр 42,2 миң сом болсо, 2023-жылы 226,9 миң сомду түзгөн.   

Ош районунда турак жайлардын баасы 1,03 эсеге, 116,6 миң сомго чейин жогорулаган.
Бирок, ошол эле маалда Бишкек шаарындагы административдик жердин баасы эки эседен ашык 76 миң сомго төмөндөгөн.

Ошондой эле, Ош шаарындагы өндүрүштүк жайларга карата баалар (-33,1%) чарчы метри 984 сомго чейин төмөндөгөн.