Консерва заводу сырьё маселесин кантип чечет?

20 мая 2022, 09:11

“Акчабар” бул жолу консерва чыгаруучу ишканада болуп, анын жетекчилиги сырье жетишсиздигин кантип чечип жатканын билүүгө аракет кылды.

Анын алкагында, завод дыйкандар менен келишим түзөөрү белгилүү болду. Келишим боюнча ишкана дыйкандарга жерди ижарага берип, жакшы үрөн, күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу милдетин алган. Ал эми дыйкандар өстүрүлгөн продукцияны кайра иштетүү үчүн заводго бериши керек. Дыйкандар жашылча-жемиштерди заводго тапшыра турган баалар алдын ала аныкталып, келишимде белгиленет.