Март айында байланыш кызматына кайсы мекеме эң көп каражат коротту?

11 апреля 2023, 12:19

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылдын март айында байланыш кызматына 20 миллион 370,6 миң сом сарптады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин материалдарында айтылат.

Документтерде мамлекеттик ведомстволордун бул максаттарга жумшаган чыгымдарынын жалпы суммасы 46 миллион 434,2 миң сомду түзгөнү көрсөтүлгөн. Ошентип, Маданият министрлигинин байланышка кеткен чыгымы жалпы бюджеттин 44% түзөт.

Чыгымдардын бул түрү боюнча экинчи орунда Улуттук телерадиоберүү корпорациясы турат, ал март айында байланышка 6 миллион 982,7 сом жумшаган. Үчүнчү орунда өлкөнүн сот системасынын мекемелери турат. Бул мекемелер байланышка 3 миллион 34,1 миң сом жумшаган.