«Камбар-Ата-1» ГЭСинин ТЭОсун актуалдаштыруу талкууланды

9 июня 2023, 14:12

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Аймактык директору Чарльз Кормье менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кызматташуу маселелерин, өзгөчө “Камбар-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу долбоорун талкуулашты. Төрөбаев бул долбоордун финансылык моделин сапаттуу түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат кабыл алынганын, бул электр станцияларын куруу долбоорлорунун натыйжалуулугун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берээрин маалымдады.

Мындан тышкары, тараптар энергетика, транспорт жана айыл чарба тармактарында инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даяр экендиктерин белгилешти.