«Камбар-Ата-1» ГЭСи 2035-жылы пайдаланууга берилет

22 апреля 2021, 10:20

Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Жашыл миллиард” долбоорун ишке ашырууда, анын алкагында жети келишимге кол коюлду. Бул тууралуу жетекчи Кубанычбек Турдубаев энергетиктер жана эксперттердин өлкө президенти менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ага ылайык, 2022-жылы кошумча электр энергиясын өндүрүү 12 мегаватты түзөт.

“Биздин эсептөөлөргө ылайык, 2022-жылы кошумча кубаттуулук 13 мегаватт, 2023-жылы 146 мегаватт, 2024-жылы 281 мегаватт болот. Экинчи этапта биз Жогорку Нарын ГЭС каскады, Кара-Кече ЖЭС, Бишкек ЖЭБ-2 сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырабыз. Бул 2026-2030-жылдарга карата долбоорлор. 30-35-жылдары Камбар-Ата ГЭС-1ди пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Жалпысынан 2035-жылга чейин 4 миң 533 мегаватт кошумча кубаттуулукту киргизүүнү пландоодобуз", - деди министр.

Энергетика министрлиги мындай кубаттуулук Кыргызстанды электр энергиясы менен толук камсыздап, экспорттоого мүмкүндүк берет деп ишендирүүдө.