«Ками Моторс» электромобилдерди чыгаруу боюнча сертификатка ээ болду

20 января 2023, 17:13

Бүгүн атамекендик автоунаа өндүрүүчүсү "Ками Моторс" ААКсы электромобилдерди өндүрүү үчүн сертификаттын аналогуна уруксат алды. 

Компания шаар ичиндеги логистика үчүн электр жүк ташуучу унааларды чыгарат. Заводдун кубаттуулугу жылына 1000 даана болот.

Автоунаалардын 15%-20% ички рынокко, калганын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүү пландалууда.