Салык кызматы 2020-жылы 33 млрд сомго камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан

14 января 2021, 11:15

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы 33 млрд 190.8 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Бекитилген план 0.5% же 163 млн сомго көп аткарылган. 

 

 

2019-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 766.1 млн сомго көп чогулган. 

Белгиленгендей, Салык кызматы 2019-жылдан тарта Социалдык фонд менен биргеликте камсыздандыруу взносторуна жетекчилик кылат. 

Мындай чечим бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынган. Себеби, бул чара юридикалык жана жеке жактардын административдик жактан жумуштарын жеңилдетет.  Мисалы, салык төлөөчүлөр үчүн бир мамлекеттик органга эки отчет тапшыруу (салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча), патент жана камсыздандыруу полисин алуу иштерине кеткен убактылары үнөмдөлөт.