Камсыздандыруу взносторунан 127,3 млн сом киреше түшкөн

23 июня 2020, 10:30

2020-жылдын биринчи кварталында кыргызстандыктар мүлктөрүн  109 млрд 359,1 млн сомго камсыздандыруудан өткөрүшкөн. Жалпы бекитилген келишимидердин саны - 3 миң 701 түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт. 

Камсыздандыруу взносторунан 127,3 млн сом киреше түшкөн. Жалпысынан 308 жаранга, 15,4 млн сомго төлөм жүргүзүлгөн. 

Муну менен катар 1,5 млрд сомго - 1,3 миң келишим камсыздандыруудан өткөн. Автотранспорт боюнча 474,3 млн сомго  355 келишим түзүлгөн. 

Чарба субъекти боюнча 1,1 миң келишим тузүлүп, анын ичинен финансы уюмдарынан 197,4 млн сомго 31 келишим түзүлгөн.