Канадалык электрондук акча оператору Кыргызстандын рыногуна чыкты

23 января 2024, 09:29

Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын дагы бир операторун каттады.

Маалыматка ылайык, канадалык “Cabbagino Payments LTD”  компаниясы 19-январда Улуттук банкта каттоо процедурасынан өткөн. Ошентип, ал Кыргызстандагы 13-оператор болуп калды.

Кошумчалай кетсек, “Cabbagino Payments LTD” компаниянын башкы кеңсеси Канадада жайгашкан.