Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын курамында кайрадан өзгөрүүлөр болду

29 мая 2023, 14:35

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, Канатбек Өмүралиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча берген арызына ылайык директорлор кеңешинин курамынан чыкты. Тиешелүү чечимди ушул жылдын 24-майында Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши колдогон.