Финчалгын кызматына жаңы төрага дайындалды
Канатбек Тургунбеков Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал 2020-жылы өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.