Президенттикке талапкерлер бүгүнкү күнгө карата 80 млн сом каражат коротушту

21 декабря 2020, 09:52

БШКнын маалыматына ылайык, 18-декабрга карата президенттикке аттанган 18 талапкердин биргелешкен чыгымы 79 млн 915.1 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын порталында маалымдалат. 

 

 

Талапкерлердин ичинен эң көп каражат короткондордун сап башында Садыр Жапаров турат. Ал бүгүнкү күнгө карата 43.7 млн сом жумшаган. Ал эми экинчи орунда Бабыржан Тольбаев турат. Салыштырып караганда, Садыр Жапаровдун жалпы чыгашасы Бабыржан Тольбаевден 7.5 эсеге көп. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын президенттик шайлоосу 2021-жылдын 10-январына белгиленген.