Кант аскер бөлүгү 16,6 млн сомго күйүүчү-майлоочу май сатып алат
Аскердик бөлүктөрдүн бири күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Тендердин жалпы суммасы 16 миллион 642 миң сомду түзөт.
Бул акчага №33665 аскер бөлүгү төмөнкү күйүүчү майларды сатып алууну пландаштырууда:
- АИ-95 - 1 млн сом;
- АИ-92 - 975 миң сом;
- АИ-92 — 2,8 миллион сом;
- Дизель майы – 11,8 млн сом.