«Евразия сактык банкынын» директорлор кеңешинде өзгөрүүлөр болду

11 октября 2023, 09:34

"Евразия сактык банкы" директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, директорлор кеңешинин мүчөсү Азаматбек Абдыбековдун ыйгарым укуктары токтотулду. Бош калган орунга Кантемир Чалбаев шайланды. Мындай чечим банктын акционерлеринин кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек, Чалбаев буга чейин "Росинбанк", азыркы "Керемет" банкта башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп турганы ачык булактардан маалым. Ал ошондой эле 2021-жылы негизделген Paymob kg финтех компаниясынын директору. Компания накталай эмес жана контактсыз төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн чечимдерди берүүгө адистешкен.