«Капитал Банк» башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду

30 декабря 2021, 14:17

“Капитал Банктын” директорлор кеңешинин 28-декабрдагы чечими менен 29-декабрдан тартып директорлор кеңешинин мүчөсү Азамат Чекиров өзүнүн арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Андан тышкары, 30-декабрда “Капитал Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басарлыгына Марина Нукееваны, ал эми башкармалыктын курамына Данияр Жоокаев менен Нурланбек Бакировду дайындоо чечими кабыл алынган.